Бүгүн, 26-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкек ЖЭБин мөөнөтүндө жаӊылап бүтпөгөнү үчүн ТВЕА компаниясы айып төлөшү керек. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров парламентте айтып чыкты. Келишимге ылайык, жылуулук борборуна химиялык цехти кечиктирип курганы үчүн ТВЕА Кыргызга 70 миллион доллар төлөшү керек дейт депутат.
Бакиров муну өкмөткө жазында да эскерткен эле. ЖЭБди жаӊылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген Жогорку Кеӊештин депутаттык комиссиясы да келишимге ылайык, ТВЕАнын жоопкерчилигин кароого болорун билдирген. Бирок бул жагдайга 1 жылдан бери өкмөт көӊүл бурбай келе жатат. Депутаттын маалыматына таянсак, келишимде ТВЕА 3 жылдын ичинде ЖЭБди жаӊылап бүтөрү, эгер бүтпөй калса, ар бир кечиктирилген күн үчүн 193 миӊ доллардан туум төлөй турганы жазылган. Бул сумма 1 жылда 70 миллион долларды түзөт. Жылуулук электр борбору 2017-жылы жаӊыланып бүттү деп өткөрүп берилип, бирок ал бөлүктү иштетүүчү суу тазалоочу химиялык цех курулбай калганы кышында билинди. Кышындагы авария болбосо, балким, ал цехтин жок экени билинбей жүрө бермек. Химцех 1 жыл өтүп, быйыл октябрда курулуп бүттү. Башта 5 миллион долларга бүтөт деген цехке аягында 6 миллион доллар жумшалды болуп чыкты. Бул дагы кызыгуу жараткан цифра. Келишимде жазылса, эмне үчүн ТВЕАдан тийиштүү сумманы өндүрүүгө аракет жасалбай жатат? Биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун Кыргыз тараптын ТВЕАны айыпка жыгуу рычагы бар экенинен кабары жок. Депутаттардын суроосуна "келишимди окуп көрөлү" деген жооп узатты. Кыргыздын уттурганы - келишимде ЖЭБди жаӊылоого тийиштүү бардык талаш-тартыштар Гонконгдо арбитраждык сотто чечилет деп жазылганы. Бул ири суммалык келишимдерде кетирилген биринчи мүчүлүштүк эмес. "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруп баштап, бирок аягына чыкпаган "Русгидро" компаниясы келишимге таянып ушул тапта Кыргыз тараптан 37 миллион доллар төлөөнү талап кылууда. Жакында Кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берди. Кыргыз өкмөтү келишимге ылайык, "Русгидрого" сөзсүз акча төлөп берүү керектигин моюнга алып, бирок 37 миллион долларлык жумуш жасалдыбы, жокпу деген суроого жооп бере албай отурат. Эгер Кыргыз тарапта Бакиров айткан рычаг бар болсо, жок эле дегенде Кытайга карызды азайтууга мүмкүн болмок...
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясына катышты. Жыйында сүйлөгөн сөзүндө ал экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү агымында саясий партиялар позицияларын программалык түрдө бекемдеши керектигин, ошондо гана өкмөттүк жана парламенттик түзүмдөрдө партия мүчөлөрү бир максаттуу саясат жүргүзүшөрүн айтты. "Биздин партия башкы максат - өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргоо экенин дайыма көрсөтүп келди. Кыргызстан кичинекей мамлекет болгону менен дүйнөлүк саясатта өз алдынча, жооптуу чечим кабыл ала аларын далилдеди", - дейт экс-президент. Дүйнө коомчулугуна КСДПнын Кыргыз саясатындагы ролу тууралуу айтып берип, орток максаттарга жетүү үчүн КСДП дүйнөдөгү бардык саясий партиялар менен кызматташууга даяр экенин билдирди.
Атамбаев Москвада саясий партиялардын конференциясына катышууга барат деген маалымат чыкканда айрымдар аны өлкөдөн качты деп жоромолдоого жетишти. Конференция 27-октябрга чейин уланат, КСДПнын катчылыгы Атамбаев өлкөгө 28-октябрда кайтып келерин билдирген. Атамбаев Москвага кеткен соӊ КСДПнын көп жылдан берки мүчөсү, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун "КСДП Атамбаевсиз" ураанын көтөрүп чыккан активисттер менен жолукканы тууралуу маалымат тарады. “Экс-президент качты, кайтып келбейт” деген өңдүү ушактардын таралышы учурдагы бийликтин пайдасына иштей турган көрүнүш. Анткени экс-президент учурдагы бийликти сынга алган күчтөрдү тегерегине чогултууга кудурети жете турган фигура.
Буга чейин Атамбаев өзү КСДПны келерки парламенттик шайлоого жетектеп барарын айтып келген. Анын саясатта каларын Москвадагы иш сапары, конференциядагы сүйлөгөн сөзү да дааналап көрсөттү...
Парламентте "Республика-Ата Журт" фракциясы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн соода алакасын, болуп жаткан тоскоолдуктарды талкуулады. Жыйынга журналисттер киргизилген жок, себебин депутат Талант Мамытов "биримдикте Кыргыздын өз кызыкчылыктары, талаштуу маселелер бар. Алар пресса аркылуу уюмдагы башка өлкөлөргө билинип калбашы керек" деп түшүндүрдү. Ошентип өкмөттүн сунушун шылтоо кылып, карапайым калктын жашоосуна түздөн-түз тиешеси бар маселени депутаттар элден жашыруун талкуулашты.
2015-жылы Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге кирип жатканда өкмөт, депутаттар да уюмга кирүүнүн жакшы жактарын элге жеткирүү үчүн ЖМКларды кеңири пайдаланышкан. Өлкө аталган альянска кирсе, жаӊы иш орундары түзүлөт, мигранттардын абалы жакшырат, өндүрүш жанданат, Кыргыз товарлары 180 миллион колдонуучусу бар ири рынокко чыгат дешкен. 3 жыл өттү, карапайым калк ЕАЭБге кирүүнүн пайдасын түзүк көрө элек. Тескерисинче, бирде картошка менен чесногу, бирде эт менен сүтү чек арадан өтпөй, зыян тартуулары уланып келе жатат. Өлкө уюмдагы мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана албай жатканын эл көрүп, билип эле турат. 3 жыл мурун ЕАЭБдин жакшы жактарын элге бирден санап берген чиновниктер, бүгүн болуп жаткан тоскоолдуктарды да ачык айтып, түшүндүрүп берүүгө тийиш эле. Бирок анын ордуна минтип жаап-жашырынып алып талкуу жүргүзүүдө...