Токон Мамытов: "Акыйкатчы институтуна кайрылгандардын басымдуу бөлүгү сот жана прокуратура органдарынын ишине байланыштуу"

Статистика боюнча 2016-жылы 15 миң 238 адам Акыйкатчы институтуна кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Анын айтымында, бул кайрылууларга мамлекеттик мекемелер өз ишин так, натыйжалуу аткарбагандыгы жана мыйзамдуулуктун сакталбагандыгы башкы себеп болгон.

"3800 адам кат түрүндө кайрылган. Алардын 190у жааматтык түрдө болгон. Жалпысынан кайрылууларга 2988 адам кол койгон. Оозеки түрүндө 8640 адамга кеп-кеңеш берилген.

Эң көп калктын социалдык жактан эң начар корголгон катмары - жумушсуздар, пенсионерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана абактагы жарандар. Даттануулардын 69 пайызы сот жана прокуратура органдарына, 2 пайызы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, 1 пайыздан ашыгы социалдык өнүктүрүү жана медицина тармагына карата болгон”, - деди Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан