Бишкек шаарындагы коомдук автобустарга видеокөзөмөл орнотулууда. Бул тууралуу Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, видеокөзөмөлдөр пилоттук долбоор катары азыр 50 автобуска орнотулган.
"Орнотулган видеокөзөмөлдөр айдоочулардын ишине баа берүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Ар кандай талаштуу маселелер, кырдаалдар жаралган учурда жазылып калынган видеолорду көрүүгө болот. Видеолор атайын Бишкек шаардык транспорт башкармалыгында сакталат", - деп билдиришти ишканадан.
Ошондой эле ишканадан шаар мэри Азиз Суракматов атайын жыйында маршруттук таксилерге да видеокөзөмөл орнотуу керектигин айтканын кошумчалашты.