Кримтөбөлдөр Батукаев, Көлбаев жана Бокушев учурда кайда экени айтылды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз жеринде 3 кылмыштуу топтун лидери бар экенин маалымдады. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегия учурунда ИИМ министри айтты.

ИИМдин Криминалдык милициясынын башчысы Нурбек Абдиев өлкөдө аты таанымал кылмыштуу топтун 3 лидери бар экенин билдирди.

"Камчы Көлбаев биздин карамагыбызда, анын бардык иш-аракеттерин биз көзөмөлдөйбүз. Анын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылып келет. Азиз Батукаев учурда Орусиянын аймагында жазасын өтөөдө. Ал эми А.Бокушев боюнча айтсам, учурда ал кылмыш дүйнөсүнөн оолак. Кадимки жашоосу менен жашап келет. Милиция кылмыштуу топтордун иш-аракеттеринин баарын көзөмөлдөп келет", - деди Н.Абдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur555n
2018-10-24 17:52:57
Бокушев ким аты?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан