
Уюлдук телефондорду өлкөгө алып кирүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражатты компаниялар менен жеке жактар төлөйт. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш комитети кабарлады. Маалыматка ылайык, уюлдук телефондорду каттоо үчүн бирдиктүү төлөм өлкөнүн бажы аймагына кирген ар бир телефонго төлөнөт.
"Аталган төлөмдөрдү киргизүү менен өлкө аймагына аткезчилик жол менен алынып келүүчү уюлдук телефондордун агымы токтойт. Каттоодон өтпөгөн телефон өлкө аймагында иштебейт. Ал эми жеке жарандар чет элден уюлдук телефон алып келсе, аларга 30 күндүн ичинде билдирүү келет. Бул убакыт ичинде уюлдук телефонун каттоодон өткөрүүсү зарыл. Эгерде жаран уюлдук телефонун алмаштырса каттоодон кайра өткөрүүнүн зарылчылыгы жок", - деп билдиришти комитеттен. Ошондой эле жарандар эгерде кааласа SIM-картаны уюлдук телефонуна бекер байлай ала турганы айтылды.
Аталган комитет телефондорду каттоодон өткөрүү тууралуу токтом долбоорун ушул жылдын июль айында коомдук талкууга чыгарган. Анда ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керек деп жазылган. Башында ар бир жаран телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сомдон төлөйт деген түшүнүк пайда болгон. Кийин аталган комитет акыны телефонду колдонгон жаран төлөбөй турганын
билдиришкен. 100 сом өлкөгө кирип келе жаткан жаңы телефондорго төлөнөт деген маалымат беришкен. Бирок коомчулукта бул акы телефондун баасына таасирин тийгизе турганы айтылган.
Азыркы тапта комитет коомдук угууларда түшкөн сунуштар жана эскертүүлөрдүн үстүнөн иштеп жатат. Документ даяр болгон соң минстрлик жана ведомстволорго жөнөтүлөт.