"Өкмөттө элге маселени түшүндүрө ала турган кадыр-барктуу кишилер жокпу?" Мындай суроо менен депутат Жанар Акаев парламент жыйынында өкмөт мүчөлөрүнө жана акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылды.
Эл өкүлү акыйкатчыга Баткендин алтын кенинде чыккан чыр боюнча кайрылды.
"Кыргыз өлкөсүндө адам укугу кадам сайын бузулат. Күч органдарына, сотторго нааразычылыктар көп. Кадамжайдын Майдан айыл өкмөтүндө кен боюнча элдер чогулуп, пикирин айтып, кенди иштетүүгө каршы ойлорун билдиришти. Буга биздин жарандардын мыйзам боюнча укугу бар. Алар эч кандай башаламандык, тоскоолдук кылган жок. Бирок милиция ошол жерде алтымыштан өтүп калган апалардын колдорун кайрып, аларга өтө орой мамиле кылды. Сиз ошол Майдан айыл өкмөтүнө барышыңыз керек. Мен инвесторлордун келишине, кендердин иштешине каршы эмесмин. Бирок бул жерде адилетсиздик болуп жатат. Элдин үнүн сөзсүз угуш керек", - деди Акаев.
Учурда парламентте акыйкатчыга депутаттар суроо берип жатат.
23-октябрда Кадамжай районунун Майдан айылындагы “Шамбесай” алтын кенинде милиция менен элдин ортосунда жаңжал чыккан.