"Мегакомдун" директору болуп дайындалган Акылбек Жамангуловдун мандаты кимге берилери айтылды

Акылбек Жаманкуловдун ордуна депутат болуп “Республика-Ата Журт” партиясынын тизмеси боюнча Нурбек Тотонов келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мыйзам боюнча, бошогон депутаттык мандат кийинки тизмедеги адамга берилет. Эгер тизмедеги адам өз ыктыяры менен тизмеден чыгуу боюнча арыз жазса, андан кийинки адам мандат алат. Эгер соттолсо же башка өлкөнүн жарандыгын алып, өлкөдөн чыгып кетсе, ал тизмеден өчүрүлөт. Башка учурда тизмедеги адам мандат алышы керек”, - деди маалымат катчы.

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов "Мегаком" компаниясынын директору болуп дайындалгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан