Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов "Мегаком" компаниясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик мүлк фондунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Жамангуловдун аталган компаниянын директорлугуна дайындалышы тууралуу расмий маалымат жакынкы сааттарда таркатылат.
Акылбек Жамангулов 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланган. Бүгүн ал 30 жашка чыкты.