"Тергөө абактарында канча адам отурат?" Мындай суроо менен депутат Мирлан Жээнчороев парламенттин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылды.
Мамытов аталган маселе боюнча так маалымат жок экенин айтып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан сураш керектигин билдирди.
"Экономикалык кылмыштар менен кармалган адамдардын баарын абактарга киргизе берген туура эмес. Мыйзамга ылайык, баш коргоо чарасын кароонун түрлөрү бар. Аларды акчасын күрөөгө койдуруп же үй камагына алып тергөө жүргүзсө болот да. Баарын эле тергөө абактарына киргизип салып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө салып берип коюп жатабыз”, - деди Жээнчороев.
Акыйкатчы да эл өкүлүнүн сунушун колдоп, шектүүнү тергөө абагына киргизүүдөн башка чараларды да карап чыгуу керектигин кошумчалады.