Депутат Исхак Масалиев Баткендин Кадамжай районундагы "Шамбесай" алтын кенинде чыккан чыр боюнча маселени көтөрдү. Эл өкүлү милициянын орой мамилеси үчүн бийликти сынга алды.
"Кечээ интернетке Кадамжайдын "Шамбесай" кениндеги окуя боюнча видео тарады. Ошол жерде милиция кызматкерлери кемпирлерди колтуктап, сүдүрөп чыкканы мага жаккан жок. Аксы окуясында да талаада элге так ушинтип мамиле кылганбыз. Көрдүңөр, аягы эмнеге алып барды. Элибиз менен жөнөкөй тилде сүйлөшө албаган бийликтин кереги барбы? Сүйлөшүү жолу менен бүтүргүлө. Кемпирлерди сүдүрөп чыккан болбойт", - деди Масалиев.
23-октябрда Кадамжай районунун Майдан айылындагы “Шамбесай” алтын кенинде милиция менен элдин ортосунда жаңжал чыккан.