СУПЕРСТАН: "Аялдардын денесине татуировка тарттырганы кандай көрүнүш?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялдардын денесине татуировка тарттырганы кандай көрүнүш?" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Аялдардын денесине татуировка тарттырганы кандай көрүнүш? Оюбузду билдиребиз. Кандай сүрөттү жана кайсы жерге тартууну сунуштайсыңар?" деген суроосун калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Татунун кереги жок деп ойлойм. Бул өмүр бою кетпейт. Мусулман инсанга болбойт".

- "Эгер кооз болуп жакшы көрүнсө тарттыра берсин, бир жолу жашап жаткандан кийин баарын көрүш керек. Бирок чеги менен".

- "Ислам дининде өз жанын өзү кыйнагандар күнөөгө батат жана татуга жол берилбейт!"

- "Менин бир досум (эркек) бар, ал колуна тату тарттырган. Анан 3 жылдан кийин жакпай калыптыр, колун атайын күйгүзүп салды. Айтарым, жакшылап ойлонуп кылсын, анткени киши карыйт, ал тату да итирейип калат болуш керек".

- "Өмүр бою калбай турган бир жылдык, бир айлык татуировкаларды жасатса деле болот го, анан жанагы "Побег" тасмасындагы баланыкындай бүт денесине эмес, менимче, кичинекей өзүңө жаккан, бир тату кылып койсо болот. Албетте, ар кимдин каалоосу менен. Мисалы, мен моюнумдун артына кичинекей роза тарттырып алгым келчү, чачым жаап калса көрүнбөйт, а чачты жыйнап алса жакшы байкаган кишиге көрүнгөн. Бирок аз мөөнөттүк".

- "Мен да кезинде кызыгып жасаткам. Азыр кетире албай бармагымды тиштеп жүргөн убагым. Убактылуу жасатсаң болот, бирок өчпөс кылуунун кереги жок экен. Эгер операциясыз кетирүүнүн жолун билгендер болсо, маалымат бере кетсеңиздер жакшы болмок".

- "Татуировка тарттырып жаткан кызга эле жакшы көрүнбөсө, сырттан андайларды көргөндө кандайдыр бир одоно, негативдүү ой кетиши мүмкүн... Жараткан берген жакшынакай келбетти бузуунун кереги жок!"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан