Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү. Ымыркайдын эсебине акча которуунун мөөнөтү кыскартылды

Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул берүү 7 күнгө кыскартылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 24-октябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева кабарлады. Анын айтымында, учурда ымыркайга сүйүнчү пул алуу үчүн арыз келип түшөрү менен акча которулуп жатат.

"Бул пилоттук долбоор жаңыдан башталганда балага бир жолку сүйүнчү алуу мөөнөтү 1 жыл деп көрсөтүлсө, кийин 6 айга кыскартылган. Азыр 6 ай убакыттан кийин арыз бергендерге акча берилбейт. Андан сырткары акча которуп берүүнүн убактысы 1-2 айга узарып кетип жатканда көпчүлүк нааразы болуп чыгышкан. Ошондон улам кайра карап чыгып 7 күнгө кыскарттык. Маселен, ата-эне Мамлекеттик каттоо кызматына арыз берип, ал бизге келип түшөрү менен акча которуп жатабыз. Айрымдарына 2 күндүн аралыгында эле берилип жатат", - деди Кадыралиев.

Басма сөз катчы ошондой эле кайрылман макамы бар этникалык кыргыздар жана убактылуу каттоодо турган жарандарга да сүйүнчү пул берилип жатканын кошумчалады.

"Долбоор башталгандан тартып 75 миң баланын банктык эсебине акча котордук. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 307 миллион сом сарпталды. Балага сүйүнчү алуу үчүн арыз бергендер кайсы аймакта жашаганына карабай берилип жатат. Мисалы үчүн ымыркайдын ата-энесинин каттоосу Ошто же Нарында болуп, өздөрү Бишкекте жашап жаткан болсо, жашаган жерин тастыктаган документ аркылуу алып жатышат. Ошондой эле кайрылман макамы бар этникалык кыргыздар да документ тапшырып, баласына сүйүнчү алып жатышат", - деди Кадыралиева.

Балага сүйүнчү алуу үчүн арыз берүүчүнүн паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана банктык эсеби талап кылынат.

Жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү берүү боюнча мыйзам 1-январда күчүнө кирип, февраль айынан баштап бериле баштаган. Сүйүнчү алуу боюнча арыздарды кабыл алуу жана каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында гана ишке ашат жана өлкө аймагында туруктуу жашаган жарандар гана алууга укуктуу.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 2018-жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
ziash85
2018-10-24 20:19:03
Ай билбейм билбейм......
+2
Beka1986
2018-10-24 20:19:20
Биз бир айдан кийин алдык арыз жазгандан кийин
0
barakcha
2018-10-24 21:12:11
Beka1986,кайсыл банктан берет экен?
0
jasgul
2018-10-24 23:40:40
barakcha,каалаган банктан
0
Nuri1988Elim2010
2018-10-24 21:59:24
Ызылдап эле чуркап аран зорго алып жатышатго.кыскартып отуруп жокго чыгарып койгулары бар окшойтда
+2
tynara81
2018-10-24 22:50:33
Банктык эсеби жоктор кантип алат?
0
jasgul
2018-10-24 23:40:18
tynara81, эсеп ачтырасынар
0
Kyrgyz-aiym
2018-10-24 22:53:19
Мен документ туурулап көрөйүн десем иши көп экен жаңы төрөлгөн бала менен ошончо жерге барыш кыйын экен токтоттум
+1
Aikyt
2018-10-24 22:59:28
Канча сом берет экен
0
jasgul
2018-10-24 23:39:52
Aikyt,4000 сом
+1
jasgul
2018-10-24 23:39:35
Документ коп эмес. Баланын куболугу, ата-энесинин бироосунун паспорту менен банктын счетун Мам каттоо кызматына тапшырасын болду 7 кундо акча тушот счетуна.
+1
shankol88
2018-10-25 08:44:00
Жптеп елди сооромой эч кандай тез берилбейт биз тапшырганга 1 ай болду келелек атаңабар енеңе бар деп зоорго тапшырдык 2,3 күн жүгүрттүштү...
0
Baku88
2018-10-25 11:55:52
Суйунчу пул жок деле жашап жургонбуз берсе да нааразысынар бербесе унчукпай отурасынар деги силерге эмне жагат берип атканына суйунгуло да документ топтош керек да документи жок кантип аласың айтып отурса 3 эле нерсе керек экен
0
Orozaly737373
2018-10-25 21:50:54
Супер инфо кечигип жатса кайда кайрылыш керек екенин да жазып кете аласынарбы биз да тапшырганыбызга Бир жарым ай болду барсак тушо элек дейт..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан