Эртең Ош шаарынын айрым аймактарында 8 саатка электр жарыгы өчөт

Эртең, 25-октябрда Ош шаарынын айрым аймактарында 8 саатка жарык өчөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жарык саат 09:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын айрым аймактарында өчүрүлөт. Анын себеби 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу.

Электр жарыгы Ош шаарынын №2-достук аймактык кеңешине караштуу Достук конушундагы №83, К.Маркс, Жиннах көчөлөрүндө, А.Сүйүмбаев атындагы стадиону жана Навои паркында, Ак-Буура аймактык кеңешине караштуу Ленинград, Мельницк көчөлөрүндө өчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2018-10-25 05:05:08
Бакиев келет бекен ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан