Күз мезгили болгонуна байланыштуу түшкөн жалбырактарды өрттөгөндөрдүн саны күн санап өсүүдө.
Санитардык-экологиялык инспекциянын адиси Нургүл Жумабаеванын айтымында, жалбырактарды өрттөө ден соолукка зыян алып келет.
"Нымдуу жалбырактар кычкылтек жетишсиз абалда күйөт. Бул жалбыракты өрттөө маалында көмүр кычкыл газы эмес, ис пайда болот дегенди түшүндүрөт. Бул газдын молекулалары тери аркылуу да адамдын ичине кире алат. Ис организмде топтолуп тура берет да, өпкөгө жетип, андан ары канга кошулат да, эритроциттерди аралайт. Гемоглобин үчүн күрөштө кычкылтекке караганда исте артыкчылыктар көп. Мындан улам адам өпкө, кан ооруларына кабылышы мүмкүн", - дейт Жумабаева.
Мындан сырткары жалбырактар - абаны тазалоочу табигый фильтр. Чоң шаарлардагы дарактардын жалбырактарында уулуу заттар көп. Абадагы зыяндуу заттын баарын өзүнө сиңирген жалбырактарды өрттөө менен жарандар андагы уулуу заттын баарын кайрадан абага чыгарып өздөрүнүн ден соолугуна зыян алып келип жатканын адис кошумчалады.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргенине ылайык, азыркы тапта инспекторлор күндө текшерүүгө чыгып мыйзамды бузган жеке жарандарга 2000 сом, ал эми юридикалык тараптарга 10 миң сом айып пул салышууда.
Мыйзам бузгандарды көрүп-билгендер болсо "185" номери аркылуу же (312) 65-81-59 (Санитардык-экологиялык инспекция) телефондору аркылуу билдирсе болот.