"Кыргыз өлкөсүнүн жаштар саясаты кандай жүрүп жатат?" Мындай суроо менен депутат Мирлан Бакиров өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылды.
Эл өкүлү аталган маселе боюнча өкмөттөн расмий маалымат сурады.
"Буга чейин "XXI кылымдын кадрлары" деген программа кабыл алынган. Бүгүнкү күндө жаштарга карата саясатыбыз кандай? Коңшу өлкө жаштарын карасак, тил билүү, чет өлкөдө окуп келүү жана тажрыйба боюнча бир топ иштер жасалып жатат. Биздин жаш муунга болгон мамиле кандай болот? Ушул боюнча так программа болсо маалымат катары берип койсоңуз", - деди Бакиров.
Учурда парламентте ар кандай маселелер каралып жатат.