"Өкмөт башчы таластыктардан капа болгонбу?" Мындай суроону депутат Рыскелди Момбеков 25-октябрдагы парламент жыйынында айтып чыкты.
Эл өкүлү Таласта төө буурчактын баасы 15 сомго чейин арзандап кеткенин айтып, дыйкандар кыйналып жатканын кошумчалады.
"Төө буурчактын баасы бүгүнкү күндө 15 сомго чейин түштү. 2011-жылы ушундай баа болгон эле. Президент Таласка иш сапары менен барганда төө буурчакты 60 сомдон алабыз дешкен. Жакында эле президент картошка арзандап кеткени үчүн айыл чарба министрин кабыл алды. Эмне үчүн төө буурчактын баасына премьер-министр кызыгып койбойт? Мухаммедкалый Абылгазиев да айыл чарба министрин кабыл алып койсо болот го. Абылгазиев 2016-жылдын октябрь айынан бери Таласка барган эмес. Премьер болгондон бери башка облустарга барды, бирок Таласка барган жок. Өтмөктөн ары өткөн жок", - деди Момбеков.
Учурда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралып жатат.