Экмат Байпакбаев: "Бишкектин бир районуна Чыңгыз Айтматовдун ысымын бериш керек"

Бишкектин бир районуна Чыңгыз Айтматовдун ысымын бериш керек. Мындай сунушту депутат Экмат Байпакбаев парламент жыйынында ар кандай маселелер учурунда көтөрүп чыкты.

Байпакбаев Айтматовдун 90 жылдыгын Кыргыз өлкөсү эле эмес дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери белгилеп жатканын эске салды.

"Кыргыз өкмөтү да улуу жазуучу, Кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун маарекесин белгилеп жатат. Бишкекте 4 район бар. Октябрь, Ленин, Свердлов жана Биринчи Май райондору. Ушул райондордун биринин аталышын Чыңгыз Айтматовдун ысымына өзгөртүүнү сунуштайм. Бул инсандын адабиятка, кыргыз элине салымы чоң. Ушул маселени Бишкек шаардык кеңеши карап чыкса жакшы болмок", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admiral
2018-10-25 12:32:14
Оштогу Новаи деген парктын атын өзгөрткулочу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан