Депутат кайсы мамлекеттик ишканаларда айлык көп экенин айтты

Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында депутат Максат Сабиров өкмөттү айлыктар маселесине көңүл бурууга чакырды.

"Эмне үчүн мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары ар кандай? 3 миңден 60 миң сомго чейин алышат. Жөнөкөй мамлекеттик ишмерлер 3-20 миң алса, элге кызмат кылгандар 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин алат. Бул элдин нааразычылыгын туудурат. Азыр бардыгына белгилүү: аэропортто айлык көп, "Мегакомдо" айлык көп, Бажы кызматында айлык жок болсо дагы, коррупция бар. Өкмөт ушуларды тастыктап, айлыктарды теңдеп, маселеге көңүл бурсаңыз. Биз дагы Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине тапшырма берип, ушул боюнча карап чыксак. Суу сактагычта жана суу тазалоочу объекттерде иштеп жаткандардын айлыктары 3 миңден 5 миң сомго чейин эле", - деди Сабиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barakcha
2018-10-25 14:21:17
Банк кызматкерлери дагы коп алышат экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан