Бүгүн, 25-октябрдагы парламент жыйынында өкмөттүн күз-кыш мезгилине карата даярдыгы каралат. Бирок баяндама жасай турган биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун кечигип жаткандыгына байланыштуу маселени кароо жылдырылды.
Алгач аталган маселени кароо 15 мүнөткө кеч башталып, Бороновдун жоктугуна байланыштуу үзгүлтүккө учурады. Парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков Бороновдун кечигип жатканын айтып, күн тартибиндеги кийинки маселени кароону сунуштады. "Боронов азыр келип калат. Комитетте кармалып калыптыр", - деди Жумабеков. Депутаттар кезектеги маселелерди карап баштады.
Учурда парламент жыйынында 102 эл өкүлү каттоодон өттү.