“Министрликте буга чейин ызы-чуу болду. Талапкер катары көрсөтүлгөн Улукбек Кочкоровду угуп, сүйүнүп жатабыз" деди депутат Аида Касымалиева парламент жыйынында.
Ал Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде маселе көп экенин айтты.
Касымалиева: "Аталган министрдин орун басарларын сырттан эмес, ичинен тандасаңыз. Кесипкөйлөр иштеши керек. Буга чейинки министрдин орун басарлары аялдар болгону менен, гендерлик маселени чече алышкан жок. Мекемедеги коррупцияны кантип жоёсуз?”
Кочкоров: "Албетте, коррупция маселеси бар экен. Кызмат көрсөтүүнү электрондоштурууга аракет кылабыз. Иш алып барабыз. Ачык-айкындуулукка басым жасайм".
Касымалиева: "Бул министрликтин тузу оор. Таза иштеген адам ал министрликтен жогорулайт. Элдин, бей-бечаралардын батасы тиет. Жаман иштесе, аягы жаман аяктайт".
Кочкоров: "Мен кайда баратканымды билем. Кандай көйгөй бар экенинен кабарым бар. Ишеничиңерди актоого аракет кылам".