Депутат өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлерди башка министрлердей көз каранды болбоого чакырды

Депутат Кенжебек Бокоев өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлерди көз каранды болбоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Болочок министрлерге кайрылат элем. Эртең министр болгондо өкмөттүн отурумунда жамааттык чечимге өзүңөрдүн сунушуңарды айтсаңар. Акыркы убакта биздин министрлер көз каранды болуп жатат, башын көтөрбөйт, өкмөттө сунуш, талкуу жоктой көрүнөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги саздай болуп чирип бараткандай. Кандай өзгөртүүлөрдү жасайсыз?" - деп Бокоев министр кызматына талапкер Улукбек Кочкоровдон сурады.

Улукбек Кочкоров коомчулукта жөлөк пул боюнча суроо көп экенин, ушул маселенин ачык айкындуулугун камсыз кылуу керектигин жана элде нааразычылык болбогудай жагдайды түзүү зарылчылыгын айтты.

Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине талапкер Улукбек Кочкоров жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Азамат Жаманкуловдун талапкерлигин карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан