Депутат Сабиров: "Маданият министрлигине бюджеттен толук каражат бөлүнбөй жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Маданият маалымат жана туризм министрлигине алгач каражат бөлүп берип, анан иштөөсүн талап кылуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-октябрда өкмөт мүчөлөрүнө талапкерлерди караган парламент жыйынында айтты.

“Мына аталган министрликке 31 жаштагы баланы алып бара жатасыңар. Бул министрликке бюджеттен толук каражат бөлүп бербей жатсак, кантип иштейт. Акыркы 5 жыл аралыгында бул тармакка канча каражат бөлүндү?” - деп сурады Сабиров.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов чынында бюджеттен каражат аз бөлүнөрүн билдирди.

“Мен азыр так сумманы айта албайм, бюджеттен 3 пайыздан ашык каражат бөлүнөт. Бул жигитти ал кызматка алып барып эле иштей бер дебейбиз. Биздин өкмөт болгондон кийин баарыбыз көңүл бурабыз, жардам беребиз”, - деди Боронов.

Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун, маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Азамат Жаманкуловдун талапкерлигин карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан