Депутат социалдык өнүктүрүү министри кызматына талапкерге "иш сапарларга барбай эле койсоңуз" деп кайрылды

Депутат Тынчтыкбек Шайназаров эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына талапкерди иш сапарларга барбоого чакырды. Мындай пикирин ал бүгүн, 25-октябрда парламент жыйынында билдирди.

“Мен өткөндө депутаттардын арасынан да кызматтарга коюп иштетсе жакшы болмок деп айттым эле. Бүгүн Улукбек Кочкоров жана депутат Акылбек Жамангулов чоң кызматтарга бара жатышат. Улукбек Тойчубаевич, сиз жоопкерчиликтүү, сооптуу кызматка бара жатасыз. Канчалаган кыйналган элге жардам көрсөтөсүз.

Анан, Улукбек Тойчубаевич, иш сапарларга барбай эле койсоңуздар, эмне болуп жатканын өзүңүз көрүп жатасыз да”, - деди Шайназаров.

Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Улукбек Кочкоровдун, маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Азамат Жаманкуловдун талапкерлигин карап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
odin-takoy
2018-10-25 14:57:38
Жаман эле ич куйдулук кылдыго ушул депутат
+2
Jango
2018-10-25 15:32:23
Букадай болуп турушун кара
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан