Бишкекте муктаж болгондорго кийим-кечек чогултуучу түйүндөр ачылды

"Урматтуу шаар тургундары, "Кызыл Жарым ай" коому Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен кыш мезгилине карата муктаж болгондорго жардам - кийим жана бут кийим чогултуу боюнча акция өткөрөт.

Бардык кайдыгер эмес жарандарды муктаж үй-бүлөлөргө жана туруктуу үй-жайсыз адамдарга жардам көрсөтүү иштерине салым кошууга чакырабыз. Абалы жакшы, таза кийимдерди берүүнү өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаары боюнча гуманитардык жардамдарды төмөнкү кабыл алуу пункттарына тапшырууга болот.

“Коломто” баш калкалоочу жайы - Жибек Жолу кең көчөсү, 413. Телефону: 0312 304 855;

Биринчи Май райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы - Жибек Жолу кең көчөсү, 495 б. Телефону: 0312 670 433;

Октябрь райондук администрациясы – Байтик Баатыр көчөсү 17, Телефону: 0312 510 263;

Свердлов райондук администрациясы – Чүй кең көчөсү, 28. Телефону: 0312 530 368;

Боорукерлик борбору – Трудовая көчөсү, 10. Телефону: 0312 644 871;

Улуттук "Кызыл Жарым ай" коому – Эркиндик бульвары, 10. Телефону: 0312 300 190.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shaa-82
2018-10-25 15:18:02
Жакшыго Ош шаарына да ачылса жакшы болмок уйдо кийимдер турат батпай ыргытканы коз кыйбайт, бироого бергенден тартынасын жаман жагына алып албай коебу деп.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан