СУПЕРСТАН: "Көзүңөрдү чоң ачып жүрсөңөр андай кыздарга алданбайсыңар"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кээ бир алдамчы кыздар" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Салам, форумдун тургундары! Теманын ачылуусуна жакында эле бир отурушта күбө болгон окуя түрткү болду. Буга чейин деле көрүп жүргөм. Досумдун туулган күнүндө отурганбыз, башка дос балдар сүйлөшкөн кыздары менен келишкен. Жанымда бир кыз бейтааныш адам менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатат, жигити окшойт алдап жатты. "Дос кыздар менен отурам, мага бирдик салып койчу, жаным" деп коёт. Болбосо ары жагында отурган тааныш балам менен келген. Чыгып алып тиги бала менен үйүнө эмес, мейманканага кеткен, жигити болсо ага ишенип, алданып жүрөт. Ушундай кыздардан Кудай өзү сактасын дедим. Сүйлөгөнүнөн, сыртынан сонун эле ыймандуу кыздардай көрүнөт. Балдарды эле айта беришет, негизи мындай тымызын жүрүп көп нерсени бүтүрүп жүргөн кыздарыбыз аз эмес. Кыздар мени жаман көрүп калышы да мүмкүн. Ушул темадан кийин моюнга алыш керек. Ушундай кыздарды силер дагы жолуктурган чыгарсыңар" деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Жоош жана момун жигиттерди кыздар бат эле алдап коюшат".

- Ошондуктан "лох" болбой катуу кармаш керек, моюнуна миндирип алса ошентет да! Анан ортодо эң негизги чыныгы сезим болуш керек. Чындап сүйсөң башка бирөө менен учурашмак түгүл карагың да келбейт. Балага да, кызга да ыйман берсин!"

- "Азыр мындай кыздар толтура го, алдап бирдик салдырып жүрөт. Жаңы эле жигиттер менен таанышып өздөрү сүйүп турса да, көңүл ачуу максатында жүрүшөт. Эми баары эле эмес, бар ошондойлор. Бирок бир эле кыздар эмес, жигиттер да толтура. Андыктан теманын аталышын алдамчы кыз-жигиттер деп атасак туура болмок".

- "Тиги тааныш балаң деле ал кыздан айырмасы жок, убактылуу эле көңүл ачыш үчүн ээрчитип алса керек. Эгерде ал кызга сезими болсо мейманканага эмес, жакшынакай кылып үйүнө жеткизип коймок. Негизинен адам ичинде эмне ойлоп жатканын биле албайсың".

- "Карайлабай көзүңөрдү чоң ачып жүрсөңөр андай кыздарга алданбайсыңар".

- "Эркекте деле, кызда деле ошондой сапатка ээлери бар. Ыймандуу болуш керек, алдаганды билген адам кандай учур болбосун алдап жүрө берет. Баланын деле ою ошол экен, бир түнгө көңүл ачуу, бири-бирине татыктуу экен. Ал эми тиги жигити бир күн болбосо, бир күнү баары бир кыздын анык жүзүн көрө алат. Кылган жакшылыгы бирдик салып берип жатат экен, ал Кудайдан кайтат. Ал нерсенин эч кандай зыяны жок. "Ким? Эмне? деп алдабасын, ал өзүн гана алдаганга барабар".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2018-10-30 18:53:21
Пейил кеткен заман..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан