Иса Өмүркулов "КСДП Атамбаевсиз" ураанын колдоду деген маалымат боюнча пикир билдирүүдөн баш тартты

КСДПнын активисттери менен болгон жолугушуу.Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов ага карата айтылып жаткан маалыматтар тууралуу пикир билдирүүдөн баш тартты.

Буга чейин КСДПнын активисттери Өмүркулов менен жолугушуу өткөрүп, фракция лидери "КСДП Атамбаевсиз" ураанын колдоду деп маалымат тараткан.

Иса Өмүркулов өткөн жолугушуу боюнча SUPER.KG порталынын берген суроосуна жооп берүүдөн баш тартып, "кийин сүйлөшөлүчү" деп айтты.

Активист Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад облустарында жыйындарды өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан