9 жаштагы Актан Ташбаев азыр Бишкектеги республикалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор. Ага бир жыл мурун "В классындагы боордун циррозу" деген диагноз коюлган. Анын боорун алмаштырганда гана өмүрүн сактап калууга болот.
Актан 3 бир туугандын кенжеси. Ал 3 айлык кезинде атасы кайтыш болуп калган. Шаарда батирде жашап, үч баласын багып келе жаткан Канайым Кудабаева элдин жардамына муктаж болуп жатат.
"Азыр уулум оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Ага бир жыл мурун "боордун циррозу" деген диагноз коюлду. Бир жарым айдан бери абалы өтө оор. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калабыз, кайра палатага которулабыз. Кандагы гемоглобиндин көрсөткүчү 60ка түшүп, тромбоциттери дагы азайып кетип жатат. Кан куйдуруп жатабыз. Дарыгерлер боорун алмаштырбаса, башка айла жок деп жатышат. Операция жасоо үчүн көп суммадагы акча керек болууда. Түркияда 50 миң доллар, Индияда 40 миң долларга жасалат деп жатышат. Чогулган каражат дарылануусуна кетип калды. Бир жарым айдан бери 70-80 миң сомдой каражат кетти. Уулумдун оорусу боюнча "генетикалык жактан дагы бар" деп жатышат. 3 жашынан бери ооруп келет. Абалы оор. Алсырап жакшы сүйлөй албайт", - дейт көзүнө жаш алган Актандын апасы.
Жардам берүү үчүн байланыш:
Актан Ташбаевдин апасынын телефон номери: 0703484687
KICB банкы: 1280016047393304
ЭЛСОМ 0703484687