Социалдык өнүктүрүү министри болуп Улукбек Кочкоров, маданият министри болуп Азамат Жаманкулов дайындалды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп Улукбек Кочкоров, маданият, маалымат жана туризм министри болуп Азамат Жаманкулов дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Бүгүн Жогорку Кеңеш алардын талапкерлигин жактырды. Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин V чакырылышынан депутаты болгон. Ал эми Азамат Жаманкулов Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан