Кадамжайда беш кишиге тиш салган карышкырдан кутурма табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, жабыркагандар ошол күнү эле медициналык кароодон өтүп, учурда дарыланышууда. Ал эми тургундар тарабынан өлтүрүлгөн карышкырдын башы Ош шаарына экспертизага жиберилип, андан кутурма табылганы бүгүн аныкталды.
Буга чейин район акими Жаныбек Исаков 23-октябрь күнү эртең менен Кара-Жыгач айылына эки карышкыр кирип келип 5тей кишиге кол салганын кабарлаган болчу. Анын айтымында, карышкырлар беш кишинин биринин башын, калгандарынын буту-колун тиштеп салган. Ошол эле күнү карышкырлардын бири тургундар тарабынан кармалып өлтүрүлсө, экинчиси качып кеткен.