Өзбекстанда окуу жайдын кызматкерлери студент кыздарды зордуктоого шектелүүдө

Өзбекстандын Фергана облусунда колледж кызматкерлери студент кыздарды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды. Окуу жайдагы териштирүү иштери андагы 16 жаштагы студент кыздын кош бойлуу экендиги билингенден кийин башталган.

Өзбекстандын Фергана облусунда Кокон шаардык жеңил өнөр жай колледжинде окуган кыздар арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзүлүп, андан соң колледждин бир нече кызматкери менен окутуучусу суракка чакырылган. Сурамжылоо сентябрь айында өткөн. Анда бир нече студент окуу жайда кыздар зордукталган башка учурлар жөнүндө дагы айтып беришкен. Учурда бул боюнча тергөө иштери башталды.

15-20-октябрь күндөрү Кокон шаардык прокуратурасы окуу жайда текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада колледждин директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып кармалган. Ошондой эле кыздардын зордукталышына шектелип директордун айдоочусу, окуу жайдын кароолчусу, жаштар лидери жана психолог кармалган.

Зордуктоого айыпталып жаткан кызматкерлердин бири кармалгандан кийин алар кыйноого алынышканын айтып чыккан."Кокон милициясы шектүүлөрдү үч күн кыйнады. Анын кесепетинен директордун айдоочусу менен кароолчуга "Тез жардам" чакыртууга мажбур болдук. Жаштар лидерин кемсинтип, зордуктоо айыбын моюнуна алууга мажбурлашты", - деп билдирген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aisle
2018-10-26 11:30:35
байкуштарды зачет коюп бербейм десе буларда намыс олло каттуу айдалып кетпейн деп кыздар байкуштар...ээ кээ бир эркектер айбандан айырмасы жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан