"2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун депутаттар колдоп берди. Мындай чечим бүгүн, 25-октябрда парламенттин талкуусунан кийин кабыл алынды.
Күз-кыш мезгилине карата жылуулук берүүнү талкуулаган жыйынга биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган тиешелүү өкмөт мүчөлөрү жана "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын, Бишкек ЖЭБдин жетекчилери катышты.
Жыйынга катышкандарга депутаттар тарабынан көп сындар, сунуштар айтылды. Жыйынтыгында токтом долбооруна каттоодон өткөн 109 депутаттын ичинен 86 депутат "макул" деп добуш берип, токтом долбоору кабыл алынды.