
Орусиянын Махачкала шаарындагы кафелердин биринде тамактанган 18 адам ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазды.
Маалыматта жазылгандай, алардын баары отко какталып бышырылган тоок этин жешкени белгилүү болгон. Ооруканадан бейтаптардан дарыгерлер сальмонеллез - ичеги-карын органдарынын жугуштуу ооруларынын белгилерин аныкташкан. Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укугун көзөмөлдөө кызматы Москванын өзүндө эле 250 тез татым жайлары бар экенин, дээрлик баарында көптөгөн мыйзам бузуулар болуп жатканын билдиришкен.
Азыркы тапта ооруканага жеткирилгендер тиешелүү дарылануулардан өтүп жатышканы жазылат маалыматта.