Кытайда смартфонун колунда өтө көп кармаган аялдын манжалары иштебей калды

Кытайдын Чанша шаарында жашаган аял бир апта бою телефонун демейдегиден көп кармап, анын айынан манжалары ийилбей калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, мындай кырдаалга туш болгон аял эмгек өргүүсүнө чыккандан кийин күндүз эртеден кечке телефонун кармап отурган. Ал түндө уктаганда гана смартфонун колдон түшүргөн. Андан бир апта өтүп аял өзүнүн оң колунун сөөктөрү ооруй баштаганын сезген. Ага катар эле манжаларын мурдагыдай башкара албай, алар ийилбей калган.

Дарыгерлер анын колдору бир эле кыймылды күн сайын өтө көп кайталагандыктан муун тарамыштары сезгенгенин аныкташкан. Дарыгерлердин жардамы менен анын манжаларынын кыймылы калыбына келген. Бирок ак халатчандар ага кол телефонду ашыкча пайдаланууга тыюу салган.

Телефондун айынан манжалары иштебей калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sultan.kg
2018-10-25 22:42:34
Кокунучтуу экен анда коп смартфон кармаган ммм
0
Benazir08
2018-10-25 22:45:15
Менин да кээде тел басыклап атканда айрыкча телдин аркасында турган ортонку манжам ийилбей калып атат муундарым ооруйт окшойт
0
jemile
2018-10-25 22:47:58
'Отпуске' алсам шашпа, тилпондун адебин бербесемби? деген экен да...
+1
Koichuman
2018-10-25 23:24:40
Манжалар олуп кетсин!башынар иштебей калбасын этият болгула.
+2
nurbek56
2018-10-26 00:35:36
Мен эртеден кечке уйдо жатканыма байланыштуу кечке тел.н чукулайм сайттарга кирем ойун ойнойм эртеден кечке колуман тел.н тушпойт эле болду режим менен чукулайм акыркы кездерде козум да таалып ооруй баштады.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан