Кара-Суу районунда 16 жаштагы кыз 3 аптадан бери дайынсыз болуп жатат

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 3 аптадан бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыз табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районуна караштуу Кыргыз-Чек айылынын Айдай Кушбак кызы аттуу тургуну 5-октябрь күнү жумушка кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес.

"Издөө иштери жыйынтык бере элек, дайынсыз болуп жаткан кыз табыла элек", - деп билдиришти милициядан.

Дайынсыз болуп жаткан кыз Ош шаарындагы сулуулук салондордун биринде иштеп келген. 5-октябрь күнү жумушка кетип, жумушунан чыккандан кийин аны эч ким көргөн эмес. Бул тууралуу кыздын жакындары милицияга билдирип, арыз жазышкан.

Айдай Кушбак кызы тууралуу маалыматты билгендер 0 (559) 55-16-39 же "102" номери аркылуу байланышса болот.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан