Жарандарыбыздын санын 10 миллионго жеткизүү керек. Мындай пикирди "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында айтып чыкты.
Төрөбаев калктын саны өскөндө экономика дагы жогорулайт деген пикирде.
"Урбанизация маселесине көңүл буруу зарыл. Республикадагы шаарлардын жашоочуларынын санын жогорулатуу керек. Мен Бишкек, Ош шаарларын эмес, Балыкчы, Кара-Балта сыяктуу шаарларды айтып жатам. Ал шаарларга заманбап супермаркеттерди, театрларды, ооруканаларды, мектептерди, университеттерди куруу зарыл. Мисалга алсак, Кара-Балтада учурда 100 миң адам жашайт. Жашоочулардын санын 300 миңге жеткизүү боюнча атайын план коюш керек. Ошондо гана экономика өнүгөт", - деди ал.
Ошондой эле ар бир жаңы төрөлгөн бала үчүн депозит эсептерин ачууну сунуштады. "Депозит ал бала чоңойгондо окушу үчүн же бир бизнес башташы үчүн каражат болуп калат", - деди Төрөбаев.
Учурда Кыргыз мамлекетинин жарандарынын саны 6,2 миллионго барабар. Анын 1 миллиондон ашыгы чет өлкөлөрдө иштеп, окуп жүрүшөт.