Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу 26-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өкмөт башчы Баткен жана Лейлек райондорундагы Ш.Ганы атындагы жана Тогуз-Булак орто мектептеринин, бала бакчанын ачылыш салтанатына катышты.
Премьер-министр белгилегендей, учурда Лейлек районунда республикалык бюджеттин эсебинен 21 объект курулууда, алардын арасында 7 мектеп, 2 бала бакча жана бир саламаттыкты сактоо объектиси бар. Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Лейлек району достук, тилектештик жана улуттар аралык ынтымак өзгөчө байкалган аймак болуп саналат.
"Бул биздин башкы байлыгыбыз жана ишибиздин негизги артыкчылыктарынын бири. Тынчтык, ынтымак жана өз ара сый болбосо, ийгиликке жетишүү мүмкүн эмес", - деди ал.
Ошондой эле ал кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышып, Исфана шаарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер И.Раззаковдун эстелигине гүл койду. Мындан тышкары сапардын алкагында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба көргөзмөсүнө барып, Лейлек районунун 90 жылдыгын белгилөөгө катышты.