Гавайиде бороон-чапкын сейрек кездешүүчү жаныбарлар жашаган аралды жок кылды

Гавайиде болуп өткөн бороон-чапкын сейрек кездешүүчү жаныбарлар жашаган аралды жок кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, "Валака" аталыштагы бороон Ист-Айленд аралын толугу менен жууп кеткен.

"Ист-Айленд эң ири аралдардын бири болуп эсептелет. Ал жакта жаныбарлар дүйнөсүндө сейрек кездешүүчү ташбакалар жана тюлендер жашачу. Бул дүйнөлүк экосистемге болгон дагы бир катуу сокку болуп саналат", - деп билдирген окумуштуу Чип Флетчер.

Ошондой эле окумуштуулардын айтымында, бороон-чапкын болбогон күндө деле арал жок болмок. Анткени дүйнөлүк океандагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшү ушуга алып келмек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
amirrus
2018-10-26 10:18:12
жок болоорун билгенден кийин жаныбарларды башка жакка кочуруп койсонор болмок
+9
talant87
2018-10-26 14:49:48
Эски суротунда жуктобогон экенда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан