Бүгүн КСДП фракциясы өлкөдөгү жол куруу маселесин талкуулайт

Бүгүн Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы өлкөдө автоунаа жолдорун куруу, оңдоо жана камсыздоо боюнча өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты угат.

Аталган маселе боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов баяндама жасайт. Андан сырткары каржы министри Адылбек Касымалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Жолдошбек Жунушев жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов чакырылган.

Күн тартибинде ар кандай маселелер да каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekmirzach
2018-10-26 10:12:32
Туура маселе каралып жатыптыр Жол маселеси кыргызстандагы көйгөйлүү маселелердин бири.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан