Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн Кыргыз жарандарына 2018-жылдын 16-октябрынан 10-декабрына чейин өлкөдөн эч кандай тоскоолдуксуз чыгып, кайра кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул маалыматты Орусиядагы Кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган.
"Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп, мыйзамсыз жашап жана иштеп жатышкан Кыргыз жарандары 2018-жылдын 16-октябрынан 10-декабрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз жана жазасыз Орусиянын аймагынан чыгууга жана каалаган мезгилде кайрадан кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Бирок жеңилдиктер соттун Орусиядан чыгарылсын деген чечимди аткарбаган, укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жана Орусияга кирүүгө тыюу салынган жарандарга каралган эмес.
Азыркы тапта Орусияда жүргөн Кыргыз жарандарына бул чечим тууралуу түшүндүрүү жана маалыматты жеткирүү иш-аракеттери жүрүп ар кандай чогулуштар жана диаспоралар менен жолугушуулар өткөрүлүп жаткандыгын басма сөз кызматы кошумчалады.