Экономика министрлиги - универсалдуу тармак. Мындай пикирин депутат Тынчтыкбек Шайназаров “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында билдирди.
Депутат Бакыт Төрөбаев да аталган пикирди колдоп, экономика министринин орун басарына "аталган мекеме ар бир тармак жөнүндө маалымат билиши керек" деди.
Шайназаров: “Кытайга эмнелерди экспорттойбуз?”
Министрдин орун басарынын айтымында, Кытайга саналуу гана нерсе экспорттолот. “Негизинен эт, кургатылган жемиштер, суусундук экспорттолот. Аз көлөмдө жашылчалар да сатылат”, - деди ал.
Шайназаров жогорудагы суроону бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбековго да берди.
Чиновник Кытайга эт эмес, тирүү жандыктар экспорттолорун айтты.
Шайназаров буга чейин эт экспорттолот деп жооп берилгенин эскертти. “Эмне экспорттомок элеңер, эшек экспорттойсуңар да” деди ал.
Учурда аталган фракция 2019-жылга карата бюджетти талкуулап жатат.