Каржы министри 2019-жылы кайсы кызматкерлердин маянасы көтөрүлөрүн айтты

"Келерки жылы кайсы тармактагы кызматкерлердин маянасы көтөрүлөт" деп "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев фракция жыйынында каржы министри Адылбек Касымаливден сурады.

Касымалиев 2019-жылы негизинен дарыгерлердин айлыгы жогорулай турганын айтып, Саламаттыкты сактоо министрлиги бул боюнча атайын критерийлерди иштеп чыкканын кошумчалады.

"2019-жылы дарыгерлердин маянасы 2 эсеге чейин, маданият кызматкерлериники болсо 1,8 эсе көтөрүлөт. Андан сырткары Борбордук шайлоо комиссиясынын, Улуттук илимдер академиясынын жана башка тармактардын маянасы жогорулайт", - деди Касымалиев.

Учурда аталган фракция 2019-жылга карата бюджетти талкуулап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Uli6886
2018-10-26 12:56:53
ЦИКтин айлыгы ансыз деле жогоруго?!
+1
Jelezo
2018-10-26 17:58:17
Байкуш суу,токой чарба кызматчыларын эстеген жан жок
+1
Saidochka
2018-10-26 19:24:50
А мугалимдерге качан?
+2
Jagym94
2018-10-27 13:21:18
Мугалимдерди деле бир эстеп койгулачы...
0
Nariste...12
2018-10-28 01:18:04
А мугалимдерчи??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан