ИИМ: "Ырчы Скриптонитке байланышкан иш тууралуу эч кандай маалымат жок"

Буга чейин казакстандык рэп аткаруучу Скриптонит Кыргыз өлкөсүнө, тактап айтканда, Бишкек шаарына келбей тургандыгын күйөрмандардын суроосуна жооп берип жатып билдиргени маалымдалган.

Өз сөзүндө ырчы Бишкек шаарына милиция кызматкерлери менен болгон жагымсыз окуядан кийин келгиси келбей калганын айткан.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-октябрда укук коргоо органдарына ырчы тараптан эч кандай кайрылуу болбогонун жана ырчы окуяны эфирде толук айтып бербегенин кабарлады.

"Ырчы айтып жаткан окуя качан болгону белгисиз. Укук коргоо органдарына ырчынын өзүнөн же аны Бишкекке алып келген уюштуруучулар тарабынан эч кандай расмий кайрылуу болгон эмес. Биз бардыгын текшердик, эч нерсе тапкан жокпуз", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KUMKA
2018-10-26 12:51:53
Бул ырчы да Казакстандын "саясый" боегуна малынып калган маданият окулу окшойт. Негизи конушулар спортту,маданиятты саясатка аралаштырып ашмалтайын чыгарышты.
-1
Farm94
2018-10-26 14:33:07
Ушунун ырларын кимдер угат негизи эле рок сыятуу музыкалады укканда акылындан адашасын
0
Dembele84
2018-10-27 08:48:52
Farm94,А сен каяктан кордун Скриптонит рок ырдаганын?
0
Bars88
2018-10-27 09:11:19
Концертине эч ким келбей койсо керек.Анан афторитетин тушургусу келбей милицияны шылтоо кылып атат.Эми келгенде не ким барат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан