Бүгүн, 26-октябрда Бишкекте Кыргыз милициясынын күнүн майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев өз сөзүндө кызматкерлерди кутттуктап, гарнизондук сапка тизилген кызматкерлерге кайрылып бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады. Андан соң министр кызматында айырмаланган кызматкерлерди ИИМдин Ардак грамотасы, ыраазычылык каты жана медалдары менен сыйлады.
Салтанаттуу иш-чарага ИИМ министри, министрдин орун басарлары жана ИИМдин кызмат башчылары менен бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Ошондой эле ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полктун, милициянын кайгуул-күзөт кызматынын, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Академиянын курсанттары, Бишкек ШИИББи менен Чүй ОИИББинин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.