"1 жылда 1,2 миллион адам учуптур". Бакыт Төрөбаев ички каттамдар үчүн учак сатып алууну сунуштады

"Учак сатып алсак актайт болчу". Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында билдирди.

Ал өлкөнүн ички каттамы үчүн 2 учак сатып алууну каржы министри Адылбек Касымалиевге сунуштады.

"Акыркы учурдагы кырсыктарды көрүп жатасыз. Ички каттамдар үчүн учак алып бербейлиби? Баткенден Бишкекке унаа менен чыксаң 2 миң сом кетет. Учак менен келсең 4 миң сом сарптайсың. Унаа менен жолго чыксаң тамактанат, тоннелге төлөйт. Биздин жарандарга жакшынакай учак алып бербейлиби. Транспорт министрлигинен отурат. Карап чыгып, өкмөткө сунуштагыла. Бир эмес, эки учак алгыла", - деди ал.

Касымалиевдин айтымында, мамлекет өзү түз сатып алганга бюджеттик мыйзам жол бербейт. "Бюджеттик насыя катары каражат берсек болот", - деди министр.

Төрөбаев учак сатып алынса каражатты актай турганын айтты. "1 жылда 1,2 миллион адам ички каттам менен учуптур", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан