Буга чейин "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман "Торкен айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын кире беришине орнотулган жазууну кошуна айылдын эли талкалап кетишти" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Бул тууралуу Торкен айыл өкмөтү караган Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкуловго байланышканыбызда SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Торкен айыл өкмөтүндө жайгашкан Кара-Жыгач айылынын кире беришине айылдын 1989-жылкы мууну өз демилгелери менен Кара-Жыгач айылы деген жазуу орнотушкан. Бирок аталган жазуу белгисиз адамдар тарабынан талкаланган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Торкен жана Кара-Жыгач айылынын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Айыл тургундары өз ара ынтымакта жашашат. Ал эми жазууну талкалап кеткен белгисиз адамдарды издөө жана аларга чара колдонуу милиция кызматына тапшырылган", - дейт аким.
Белгилей кетсек, буга чейин Кара-Жыгач айылынын эли аталган жазууну кошуна жайгашкан Торкен айылынын эли "биздин аймакка орнотулуп калган" деп талкалап кетишти деп жатышкан.