Бишкекте 8 ай мурун жансыз денеси табылган адамдын туугандары байланышка чыкты

Бишкек шаарында 8 ай мурун табылган жансыз дененин ким экендиги аныкталды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-октябрда маркумдун туугандары байланышка чыгышкан. Алардын берген маалыматты боюнча, каза болгон жаран 56 жаштагы З.Ж. аттуу жаран болгон.

Эске салсак, Бишкек ШИИББи 8 ай мурун табылган жансыз дененин ким экендигин аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сураган. Жансыз дене ушул жылдын 6-мартында Бөкөнбаев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tatynam_88
2018-10-26 14:46:05
Эртераак жарыяласа табылмак эле.сактабай
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан