"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2013-жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси Нурлан Насип “Айта албайм” аттуу ырына клип тарттырды. Бул тууралуу ырчынын продюсери Канат Кадыржан билдирди. Айтымында, клипти Бек жана Автандил аттуу жаш клипмейкерлер тартышты. “Бул клипте жалаң гана жашоодогу позитивдүү учурларды берүүгө аракет кылдык. Анда Нурландын досу алыска кетип жатып сүйлөшкөн кызы менен тааныштырат, ал кызды Нурлан сүйүп калып, сүйүүсүн айта албай калат”,- деди Канат мырза. Ошондой эле клип март айында 10 күндүн ичинде тартылып бүтсө дагы, эми гана жарыкка чыгып жатканын продюсер төмөнкүчө түшүндүрдү: “Клиптин трейлери интернетке жайгашып, теле аркылуу берилген болчу. Бирок клип толук бүтө электе жоголуп кетип, көпкө чейин кармалып калдык. Бактыга жараша, кайра табылып, минтип жарыкка чыгып отурат. Негизги каармандын ролундагы кыздын аты - Рейне. Аны интернет аркылуу кастинг жарыялап, тандап алганбыз. Кастингден өтпөй калган кыздар “силер таанышыңарды гана тартасыңар” деген сыяктуу сөздөрдү айтышты. Чындыгында андай эмес”,- дейт Кадыржан.