25-октябрда Ленин райондук сотунда "Ош базарындагы" "Берекет" соода жайынан чыккан өрт кырсыгы боюнча сот иши улантылды. Отурумда жабырлануучулар суралып баштаганын SUPER.KG'ге ишти карап жаткан судья Феликс Осмоновдун кабылдамасынан кабарлашты. Маалым болгондой, өрт кырсыгынан зыян тарткан жалпы 319 соодагер суралмакчы.
Судья Феликс Осмонов тараптардын макулдугу менен кийинки отурумду 29-октябрда улантууну чечкен.
Ушул жылдын 13-апрелинде “Берекет” соода жайында өрт чыгып, соода жайдын 5 миң 400 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Жыйынтыгында 450дөн ашык соодагер 600 миллион сомдой зыянга учураган. Алар бир нече ирет өз талаптары менен өкмөт үйүнүн, Ак Үйдүн алдына барышкан. Бирок дароо чечкиндүү жыйынтыктар болбогондуктан Кулиев көчөсүндө 500 метрдей жерди тосуп алып соода кылып келишет.
Өрт боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде соода жайдын директору Рафкат Момункулов камакка алынган. Бирок май айынын башында эле ал үй камагына чыгарылган.
"Берекет" соода жайына чейин "Ош базардын" "Сейтек" кичи базарынан да эки ирет өрт чыгып, соодагерлер ири зыянга учураган.