“Астана Кубогу-2013” Эл аралык КВН мелдешинин алкагында өткөрүлгөн футбол оюнунда "Тамашоу" курама командасы чемпион болду
7-июлда Казакстандын Астана шаарында “Астана
Кубогу-2013” аттуу эл аралык КВН мелдешинин Жайкы фестивалы болду. Астананын 15 жылдыгына
карата өткөрүлгөн бул мелдешке Кыргызстандын атынан “Тамашоу” курама командасы
катышкан. Ошондой эле КВН Эл аралык Союзунун Жогорку Лигасында ойногон “Раисы”
(Иркутск), "Тамашоу" курмама команадсы (Кыргызстан), “Парапапарам” (Москва), “Камызяк”, Казакстандын курама командасы
жана башка командалар катышты. КВНде “Парапапарам” командасы 1-орунду ээлесе,
КВН командаларынын катышуусунда өткөн футбол мелдешинде “Тамашоу” курама
командасы чемпион аталды. Бул тууралуу “Тамашоунун” курама командасынын жетекчиси Эрмек
Нурбаев бүгүн, 9-июлда билдирди. “Мелдеште абдан жакшы оюн көрсөттүк. Негизи эле
командалардын баары мыкты ойношту. Ал эми футболдо биз чемпион болдук. "KG 77"
командасындагы Кубаныч “Мыкты чабуулчу” наамына ээ болду”,- дейт Нурбаев.