Бишкекке дагы бир ири сейил бак курулат. Мэрия анын сүрөтүн көрсөттү

Бишкек шаардык мэриясы дагы бир сейил бак курууну пландаштырууда. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жаңы сейил бак шаардын Масалиев жана Чыңгыз Айтматов кең көчөлөрүнүн кесилишине курулат. Сейил бактын узундугу 720 метр, ал эми туурасы 130 метр болот. Сейил бакты бөлүп турган жерлерди кошуп эсептегенде анын жалпы аянты 7 гектар 36 сотыхты түзөт.

Сейил бактын долбоору Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын адистери тарабынан түзүлүп, Шаар куруу кеңешиндеги архитекторлор тарабынан колдоого алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Elaman_Arypov
2018-10-26 20:12:39
Кутобуз
0
Kalemkash
2018-10-26 20:17:30
Аны коюп тратуарларды эле жасап алгылачы. Парк жасасанар баары бир мындай болбойт
0
Shabi
2018-10-26 20:47:01
Эн жакшы.бирок проект макет бойдон калып калбай аягын чыкса экен
+3
Gulnyr19
2018-10-26 21:55:59
Кана эми ушундай болсо. Жеп койбосоңор болду ушунун акчасын да
+1
monster_high_98
2018-10-26 22:47:01
Результат ожидания реальность болот го...
0
Aitun
2018-10-27 00:51:26
Ар бир скамейканы 1милион 200минден орнотуп салбагыла.
+5
barsbegKG
2018-10-27 17:32:53
Эң сонун. Бирок күмөнүм бар. Ким ишенет? Мен абдан ишенгим келет... бирок бирок. Курман ыраазы болуп, жакшы иштеп бер эми
+1
AzKumFerDan
2018-10-28 11:57:58
Он чонток Сол чонток Акча кирип кетпесин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан